Дордойдо отуз жыл кафе иштеткендер: Бир күндө чыгып кеткиле деп жатышат (видео)
RU

Дордойдо отуз жыл кафе иштеткендер: Бир күндө чыгып кеткиле деп жатышат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Отуз жылдан бери иштеп келе жатабыз, эч ким, эч нерсе деген эмес. Өрт чыгып, түштөн кийин эми бул жерге турганга болбойт, бир күндө чыгып кеткиле деп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтына дордойдо кафе иштеткендер айтты.

Кече Дордой базарында өрт чыгып, соода жайдын 1000 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Өрт тез татым жайынан чыкканы маалымдалды.

Соодагерлердин айтымында өрттөн улам базардын четинде жайгашкан кафелердин барын жаптырып жатышат.

"Биз отуз жылдан бери иштеп келе жатабыз. Буга чейин эч ким, эч нерсе деген эмес. Эми мынтип өрт чыгып, бизди да бир күндө көчүп кеткиле деп жатышат. Биз бир күндө кантип чыгып кетмек элек. Жок дегенде убакыт бериш керек да. Имараттын ичинде азык-түлүктөрүбүз, эмеректерибиз бар. Анын үстүнө ижара акысын дагы төлөгөнбүз",- дейт соодагерлердин бири.

Ал эми биз жабыркаган соодагерлерден окуя боюнча сураганда эч кимиси комментарий берген жок. Айрым коңшу сатуучулардын айтымында жоопту адамдар эгер алар арызданса жардам бербейбиз деп коркутуп коюшкан.

Базардын администрациясына барганыбызда улам бул жооп берет же тигил деп жатып, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошол жерге барган сатуучулар да бир маселени бири-бирине түртүп жатканына нааразы экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, "Дордой" базарында чыккан өрттөн 42 соода түйүнү, 9 күркө жарактан чыкты. Андан тышкары 2 адам түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7394