Полигон жактагы балдарга англисче бекер үйрөткөн Маржан. Видео
RU

Полигон жактагы балдарга англисче бекер үйрөткөн Маржан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маржан Жээнбекова Алтын-Казык конушунда ыктыярчы болуп, балдарга англис тилинен сабак берет. Бул конуш таштанды талаанын жанында жайгашкан.

Ыктыярчы өзү Бишкекте жашайт, гимназиянын онунчу классында окуйт. Ал сабак өтүү үчүн жумасына эки жолу узак жол жүрүп келет.

Маржандын башкы максаты англис тилин үйрөтүү болгону менен балдар жөн эле ойноп кетүү үчүн да келет. Анткени бул жерде бала бакча же курстар жок. Жада калса мектепке башка айылга барышат.

Ушундай себептен улам бул жердеги эски дүкөндүн ордуна окуу борбор ачып балдарды чогултушкан. Имараттагы китеп текчени да колдонулбаган жашиктерден өздөрү жасаган. Сүрөттөрдү да балдар өздөрү тартып, жакшы көргөн эжелеринин ысымдарын жазып коюшкан. Алардын арасында Маржандын аты да бар.

Анткен менен имарат кышында суук, жайында ысык болот. Ага карабай балдар келип окуп, ойноп кетүүгө ынтызар. Алар азыр окуп жаткан имараты кийин чоң окуу борборго айланышын каалашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7400