"Нандан да көп жеп жатабыз". Жапаров дары-дармекке канча миллиард сом жумшалганын айтты
RU

"Нандан да көп жеп жатабыз". Жапаров дары-дармекке канча миллиард сом жумшалганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан дары-дармекти нандан да көп пайдаланып жатканын айтты. Ал мындай пикирин кечээ, 5-июлда журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагында абдан катуу реформаларды жасашыбыз керек. Ошто мамлекеттик ооруканаларга караганда жеке менчик клиникаларда бейтаптар үчүн бош оурндар көп. Алымкадыр байкени (ред.: Бейшеналиевди) жактыргандар да бар, жактырбагандар да бар. Бирок түндүк тарапта аты бар кишилер ооруканаларды менчиктеп алып, жеке менчик клиникаларды киргизбей жатышат. Биз бекер деп айтканыбыз менен иш жүзүндө андай болбой жатат.

Биылтыр дары-дармекке 14 миллиарддан 16 миллиард сомго чейин каражат жумшадык. Биз дары каражаттарын нандан да көп жеп жатабыз, нанды да мынчалык жебейбиз", - дейт төрага.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7406