Имам аялдардын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттаганын айтты. Видео
RU

Имам аялдардын эти арзандаганы үчүн, койдун эти кымбаттаганын айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эт качан кымбаттайт, билесиңерби? Качан сиз жашаган аймакта, аялдардын эти арзандай баштаса. Жоон санын кадыресе колун бармагындай кылып көрсөтүп басып калса. Намыска келип, аксакалдар "кимдин кызысың, жаппайсыңбы, уялбайсыңбы" дебегенден улам, аялдардын эти арзандады", – деди дин кызматкери Садыбакас Доолов өзүнүн баяндарынын биринде.

Тиешелүү кадрлар интернетке жарыяланды.

Дин кызматкери сөзүнүн аягында аялдардын этинин арзандаганына байланыштуу, базардагы койдун эти кымбаттаганын билдирди.

Имамдын бул сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратууда. Ал эми муфтият Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөрүн жана видеодо айтылган маалыматтар кандай максатта айтылгандыгын териштирилерин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7411