Эл алдында сүйлөп жатканда атып кетишкен. Япониянын мурдагы премьер-министри каза болду
RU

Эл алдында сүйлөп жатканда атып кетишкен. Япониянын мурдагы премьер-министри каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни эл алдында сүйлөп жатканда атып кетишип каза болду. Бул тууралуу япониялык басылмалар кабарлады.

67 жаштагы Синдзо Абэ Нара шаарында эл алдында сүйлөп жатканда белгисиз адам далысына эки жолу ок аткан. Абэ ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калганы кабарланган.

Шектүү окуя болгон жерде дароо кармалды. Анын өздүгү такталып, 41 жаштагы Ямагами Тецуя экени белгиүү болгон. Ал кармоо учурунда полицияга каршылык көрсөткөн эмес.

Маркум жапон өкмөтүн 2006-2007 жана 2012-2020-жылдары башкарган. Ал бул кызматта эң узак турган саясатчы катары белгилүү. Абэ 2020-жылы ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен.

Эскерте кетсек, ал 2015-жылы жубайы менен Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7449