Колдон-колго өтүп зордукталган кыздын иши. Айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алышкан жок
RU

Колдон-колго өтүп зордукталган кыздын иши. Айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алышкан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Свердлов райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын иши каралды.

Соттук отурумга айыпталуучу тарап жана жабырлануучунун ата-энеси мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин коштоосунда келишти. Бирок жабырлануучулардын күзөтчүлөрү соттук процесске киргизилген жок.

Мындан тышкары Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин (биринчи жолу эмес) жана президенттин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын экспертине да отурумга катышуусуна уруксат берилген жок. Муну судья Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин нормаларына таянганы менен түшүндүрөт.

Отурумда "Дордой" базарындагы бир нече соодагерлер жана күбөлөр сурак беришти. Ал эми айыпталып жаткандар күнөөлөрүн моюнга албаганын жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирет.

Бүгүнкү отурумга айыпталуучулардын бирөө келбегендигине байланыштуу ишти кароо эртең, 13-июлга калтырылды.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши сотто каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери. Дагы бир адам тергөөдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар кызды зордуктап эле тим болбостон, балким аны башкаларга да сатып жиберишкен. Кыз чоң энеси жана агасы менен жашаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7495