40тагы киши кан тамырын кесип, 9 кабаттан секирүүгө аракет кылды
RU

40тагы киши кан тамырын кесип, 9 кабаттан секирүүгө аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

40 жаштагы жаран колунун кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9 кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылды.

Маалым болгондой, окуя саат 20:32 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө болгон.

Ал жерге 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматка караганда жаран мас абалында болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7503