Баткенде кечээтен бери изделип жаткан 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
RU

Баткенде кечээтен бери изделип жаткан 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Ал кечээтен бери изделип жаткан дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Белгилүү болгондой, бала 12-июль күнү саат 20:40та дарыяга түшүп кеткен. Издөө иштерин жалпы 12 куткаруучу жана жергиликтүү эл жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес. Бүгүнкү издөө иштерине 21 куткаруучу, 18 милиция кызматкери жана 38 жергиликтүү тургун тартылган. Саат 15:00 чамасында изделип жатканын баланын сөөгү табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7514