Көргөзмөбү, бул эмне? Ошто жаңы коюлган лотоктор вице-мэрдин ачуусун келтирди
RU

Көргөзмөбү, бул эмне? Ошто жаңы коюлган лотоктор вице-мэрдин ачуусун келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында суугат үчүн коюлган лоток шаардын вице-мэринин нааразычылыгын жаратты. Анда эки лотоктун кошулган жери туюк болуп, биринен экинчисине суу өтүүгө мүмкүн болбой тургандай жасалган.

Буга вице-мэр нааразы болуп: "Ары жакка суу кантип өтөт? Кимди алдап жатасыңар? Бул эмне көргөзмөбү? Бул ишти жасагандарды чакыргыла! Бул жерде долбоор боюнча лоток бар деген эле көрүнүш болуп калган. Суу ичүү маселеси турат бул жерде", - деген.

Атайын рейддин жүрүшүндө бул маселе боюнча Ош шаарындагы тиешелүү коммуналдык кызматтардын жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7556