Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бакыт өргөөсү ачылды (сүрөттөр)
RU

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бакыт өргөөсү ачылды (сүрөттөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бакыт өргөөсү ачылды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына "Манас Ордо" комплексинин директору Марат Дооронбеков билдирди.

Айтымында, ал кызматка келгенде өкмөт, маданият министрлиги тарабынан аталган комплексти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырылган.

"1-2 айдын ичинде маданияттын мыкты кызматкерлери менен "Манас Ордону" өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыкканбыз. Анын бири бакыт өргөөсү болду. Буга чейин улуттук борбордун китепканасы болуп, кийин бош туруп калган имаратын толук оңдоп-түзөдүк. Өргөөнү куруу үчүн тендер жарыяланып, өз аракетибиз менен ишке ашырдык.

Учурда баш кошуп жаткан түгөйлөрдүн көбү "Манас Ордону" эс алуучу, сүрөт, видео тартуучу жай катары кабыл алып калышкан. Максатыбыз - ошол жаштар касиеттүү жерге келгенде алгач эле бакыт өргөөсүнө кирип, ак элечек эне менен аксакалдын батасын алышса... Андан кийин ордодогу жүрүм-турум эрежелери менен тааныштыруу. Бул жерден каалоочулар нике күбөлүгүн алса да болот. ЗАГСтын кызматкерлери келип нике күбөлүгүн тапшырып кетет", - деди ал.

Андан тышкары улуттук комплекстин аймагына эс алуу борбору курулуп жатканын кошумчалады Дооронбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7570