"Вефа" соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү. Кафе жана балдар аянтчасы күйдү
Бишкек шаарындагы "Вефа" соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт аба желдеткичтеринен чыкканын маалымдайт.
Маалым болгондой, соода борбордун 3-кабатындагы "Хузур" кафесинин 15 чарчы метр желдеткичи жана балдардын оюн аянтчасы күйдү.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:20да 1 бөлүм тартылган. Саат 14:13тө өрт чектөөгө алынып, 14:46да толук өчүрүлдү.
Аталган соода борборундагы жарандар куткаруучулар тарабынан коопсуз жайга чыгарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7578