Дары-дармектерди эски буюмдардын астына катып, өлкөгө киргизмекчи болгон айдоочу кармалды
RU

Дары-дармектерди эски буюмдардын астына катып, өлкөгө киргизмекчи болгон айдоочу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, дарылар эски буюмдардын астына катылган.

Өлкө аймагынын кире беришинен К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Volvo унаасы чиркегичи менен токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында айдоочу тиричилик буюмдары үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7594