Таш-Дөбө айылынын тургундары бир нече күндөн бери жол боюнда водовозду күткөнгө мажбур
RU

Таш-Дөбө айылынын тургундары бир нече күндөн бери жол боюнда водовозду күткөнгө мажбур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусундагы Таш-Дөбө айылында бир нече күндөн бери таза суу жок. Мындан улам жергиликтүү тургундар арыз-муңун айтып чыгышты.

Тургундардын айтымында, 6 жылдан бери төрт миңге жакын тургун таза сууга зар болуп келет.

Воронцовка айыл аймагынын жашоочуларынын тең жарымы суу сатып келүүгө мажбур. Анткени айыл аймак боюнча жалпы 11 скважина болсо, азыркы убакта үч скважина иштебейт. Скважинаналардын көбү оңдоп-түзөөгө такыр эле жарабай калган.

Айылдагы таза суунун жетишсиздигинин себебин жергиликтүү бийлик түшүндүргөн жок. Тургундар суу ташуучу унааны (водовоз) күтүүгө аргасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7610