24 жаштагы жигит мечиттеги сейфтен 77 миң сом уурдап, бир күндө бардыгын короттуп салган
RU

24 жаштагы жигит мечиттеги сейфтен 77 миң сом уурдап, бир күндө бардыгын короттуп салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун сүлүктү шаарында "Нур-Вали" борбордук мечиттин сейфинен 77 мин сом уурдалган.

Баткен облусунун ИИБси Kaktus.media'га билдиргендей, 19нан 20-февралга караган түнү белгисиз адамдар мечитке кирип, сейфти ачып, 77 миң сомду алып кетишкен.

Эртеси күнү, 21-февралда, шектелүүчү Кулунду базарынан кармалган. Ал мурда да соттолгон, Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы тургуну К.Б. экени белгилүү болгон.

Ал камакка алынганда, бардык сумманы коротуп жетишип, жанында болгону 5 миң сом калганы аныкталды. "Өзүнүн көрсөтмөлөрүндө шектелүүчү бардык акчага кийим сатып алганын айткан", - деп ИИБ билдирди.

Милиция кызматкерлери аныктагандай, бул жаран мечиттерде орнотулган кайрымдуулук кутулардан акча уурдап келген деп да шектелүүдө.

Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/762