Мугалимдик кесипте жакшы окуган студенттерге стипендия берилет. Кимге канча?
RU

Мугалимдик кесипте жакшы окуган студенттерге стипендия берилет. Кимге канча?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге стипендия берилерин айтты. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Мындай кадамдын максаты мектеп бүтүрүүчүлөрүн мугалимдик кесипке шыктандыруу экенин кошумчалады.

Ага ылайык жакшы окуган студенттерге 1-курсунда 1 миң сом, 2-курста 2 миң сом, 3-курста 3 миң сом жана 4-курста 4 миң сомдон төлөп берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7630