4 тонна таштандыны чогултуп жүрө берген аялдын короосу тазаланды. Сүрөт
RU

4 тонна таштандыны чогултуп жүрө берген аялдын короосу тазаланды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Октябрь администрациясынын кызматкерлери РИИБ, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайдын таштандыларын чыгарышты.

Үйдүн ээси бир нече жылдан бери таштандыны чогултуп келген. Анын коңшулары адам чыдагыс жыт чыгып жатканын айтып, көп убакыт администрацияга арызданышкан.

Короо тиричилик таштандыларына толгону аныкталган. Жалпысынан 4 тоннага жакын таштанды чыгарылып, ага "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жана бир жүк ташуучу унаа тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7663