15 жаштагы кыздын унаада сабалышы. Апасы июнь айында эле жоголгонун билдирген
RU

15 жаштагы кыздын унаада сабалышы. Апасы июнь айында эле жоголгонун билдирген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Унаа ичинде белгисиз бирөөлөр сабап кеткен 15 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон. Апасы арызды июнь айында жазган, бирок милиция кызды кечээ кечинде гана тапкан. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

26-июль күнү социалдык тармактарга эки белгисиз адам 15-16 жаштагы кызды коркутуп, сабап, 10 миң сомун кайда жумшаганын суракка алган видео тараган.

Аталган факты Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан катталып, Баткен жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чаралары башталды.

Кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталган. Милиция кызматкерлери анын ата-энесинин үйүнө барып, 1978-жылы туулган И.Б., 14-июнь күнү таңга маал 2005-жылы туулган кызы С.к.Г., өз бөлмөсүнөн жоголуп кеткендигин билдирген. Апасынын айтымында, ал буга чейин РИИБге арыз менен кайрылган.

Кечээ, 28-июлда Ноокат РИИБдин кызматкерлери С.к.Гны таап, апасына өткөрүп беришкенин билдиришкен.

Кыз Ноокат районунун тоолорундагы Кара-Ой аймагында официант болуп иштегени Kaktus.media сайтына белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7675