"Кабарлар" агенттигинин жетекчилигине арыз жазган киши акча сунуштаган (скрин)
RU

"Кабарлар" агенттигинин жетекчилигине арыз жазган киши акча сунуштаган (скрин)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

oppa_kg паблигинин администратору Нурис Алымбаевдин Kaktus.media'га айтып бергени боюнча, "Кабарлар" агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетовага арыз жазган киши ага да видеону өчүрүп салуу үчүн акча сунуштаган. Ал кайгуул кызматы тарабынан мас абалында машине айдап жүргөн учурунда токтотулуп, инцидент видеого тартылган.

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери "Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы 84 миң сом алып жаткан жеринен камакка алышкан. Ал видео материалды алып салуу үчүн акча опузалаган. Анда айыптоочу мас абалында машинени айдагандыгы үчүн кайгуул кызматы тарабынан администртивдик жоопкерчиликке тартылып жаткан. "Кабарлар" билдиргендей, арыз жазуучу буга чейин сайттын жетекчиси менен жеке тааныш болчу. Ал эми акчалай каражат Бишкектеги отелдердин биринде конференция өткөрүү үчүн берилген. Арыз жазуучу конференциянын жүрүшүндө кайгуул кызматы мас абалында камакка алуу учурундагы өзүнүн жүрүм-турумун төгүндөмөк.

Журналист Нурис Алымбаев берген маалыматка ылайык, арыз жазуучу ага WhatsApp аркылуу кайрылган. Башында акча сунуштап, журналист баш тарткандан кийин аны жана анын үй-бүлөсүн каргап-шилеп кирет. Алымбаевдин айтымында, ал дагы укук коргоочу органдарга арызы менен кайрылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/770