Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталды. Эки адам каза болуп, 23 адам жаракат алды
2534
Бүгүн, 3-августта саат 07:40 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 24-чакырымында жол кырсыгы катталды.
ӨКМ билдиргендей, Кызыл-Өрүк айылына жакын жерде жол кырсыгынан Mercedes-Benz Sprinter менен Mitsubishi маркасындагы унаалар кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 23 адам жабыркаганы айтылды. Каза болгондордун сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барышып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7725