Кытай менен АКШнын ортосунда эмне болуп жатат? Пелосинин чуу жараткан сапары тууралуу
RU

Кытай менен АКШнын ортосунда эмне болуп жатат? Пелосинин чуу жараткан сапары тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда Кытай менен АКШнын ортосунда чуу жаралып жатат. Мунун себеби АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапары болууда. Ал эми чуунун дагы бир себеби Кытай менен Тайвандын ич-ара келишпестиги.

Тайвань менен Кытайдын ортосунда кандай келишпестик болгон жана ага АКШнын кандай тиешеси бар?

Кытай Республикасынын (Тайвань) мамлекеттик суверенитетин 14 мамлекет тааныган. Ал эми Кытай аралды өзүнүн аймагы деп эсептейт.

Кытай жана Тайвандын ортосунда, мезгил-мезгили менен жаңжал чыгып келген. Жаңжалдар ортодо жайгашкан аралдарды бөлүштүрүү учурунда жаралат. Мындай келишпестиктер 1954-1995-жылдар аралыгында болуп турган. Эки тараптын ортосунда куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Ошол учурда Тайвань менен союздаштык мамилелерде болгон АКШ Кытайга каршы ядролук курал, учак, аскердик күчтөрү менен Тайванга болушуп турган. Ошентип Тайвань дайыма көз карандысыздыгы, демократия үчүн күрөшүп келет.

Нэнси Пелосинин сапары

Нэнси Пелоси Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Кийин маалымат каражаттары анын Тайванга баруу ниети бар экенин маалымдашкан. Ал эми Пелоси өзү ал жакка баруу ниети бар же жоктугун тастыктабай келген. Бирок, Пелоси так маалымат бере электе эле Кытайдын өкүлдөрү Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана ички саясатка кийлигишпөөнү талап кылган. КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Кытай менен Тайван акыры биригерин, Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын баары текке кетерин айтканын РИА Новости жазып чыкты. Бул сапар аскердик жаңжалга алып келиши мүмкүндүгүн, Кытай ага катуу жооп кайтарууга убада берген. Аскердик машыгуулар болот деп, Тайванга аскердик техниканы алып келе баштаган. Ал эскертүүгө карабай 2-август күнү кечинде Нэнси Пелоси Тайванга барды.

Ошондон кийин Кытайдын армиясы Тайванга жакын үч акваторияда машыгууларын баштарын Global Times кабарлады. Ошондой эле Тайвань менен болгон импорт-экспорт алакасына чектөөлөрдү киргизип, бирок анын себебин башка себеп экенин айткан.

Кытай Тайванда жүрүп жаткан аскердик машыгуулардын кадрларын жарыялады.

Маалымат каражаттары бүгүн түштөн кийин Нэнси Пелосинин Тайвандан чыгып кетип жатканын кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7755