Исиркек, ысытма, кусуу, баш оору... Бул кандай оору жана кантип сактануу керек
RU

Исиркек, ысытма, кусуу, баш оору... Бул кандай оору жана кантип сактануу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жайдын башталышы менен ичеги-карын инфекцияларынын, анын ичинде энтеровирустук инфекциянын коркунучу күчөйт.

Энтеровирустук инфекциялар – ичеги-карын вирустары менен шартталган, ысытма жана ар кандай симптомдор менен мүнөздөлүүчү инфекциялык оорулардын тобу. Энтеровирустарды жугуштуу экени далилденген. Ал аба, тамак-аш жана суу аркылуу жугат.

Инфекциянын жугуу факторлору болуп суу, тазаланбаган саркынды суу менен жашылчаларды жуу болуп саналат. Ошондой эле, вирус кир колдор, оюнчуктар жана башка экологиялык объекттер аркылуу да жугушу мүмкүн.

Чүчкүрүү, кусуу, баш оору, жогорку температура энтеровирустук инфекциянын негизги белгилери болуп саналат.

Ичеги, энтеровирустук жана ротавирустук инфекциялардын көбөйүшү бул - жалпы сезондук оору.

Эгерде сизде температуранын көтөрүлүшү, кусуу, исиркектер пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылуу керек же тез жардам чакыруу керек.

Үй-бүлөлүк дарыгерди чакырууга мүмкүн болбосо, анда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жардам көрсөтүлөт.

Өзүн-өзү дарылоого болбойт! Антибиотиктерди ичпеңиз, исиркектерге эч нерсе сүртпөңүз, терс таасир берип, диагноз коюуну кыйындатат. Мисалы, исиркектер ар кандай болушу мүмкүн, анын этиологиясын дарыгер гана аныктай алат.

Оорудан сактануунун негизги эрежелери:

  • колду тез-тез самын менен жуу;
  • жеке гигиенаны сактоо;
  • мөмө-жемиштерди жегенге чейин таза жуу;
  • продукцияларды, анын ичинде дарбызды жана коонду санитардык эреже сакталбаган жерден сатып албаңыз;
  • таза суу ичүү;
  • расмий уруксат берилген жерлерде гана сүзүү, жуунуп жатканда сууну жутпоого аракет кылуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7765