100 пайыз биздики. Бактияр Токторов "Буй-буй" ырынын айланасындагы талкууларга жооп берди
RU

100 пайыз биздики. Бактияр Токторов "Буй-буй" ырынын айланасындагы талкууларга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күңдөн бери "Биз" тобунун "Буй-буй" ыры интернет желесинде кызуу талкууланып жатат. Анда социалдык тармактын колдонуучулары арасында ырды плагиат дегендер да болду.

"Биз" тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов Kaktus.kg сайтына маек берип, ырдын айланасында болуп жаткан талкууларга жооп берди.

Менин ырларым жада калса бири-бирине плагиат эмес

"Биз" тобунун бир дагы ыры плагиат эмес. Жада калса менин ырларым бири-бирине плагиат эмес, окшош эмес. Ыр жазууда аябай карайм, окшошуп калган жокпу деп. Бул ыр 2007-жылы чыккан. Анда эч ким деле көңүл бурган эмес. Турмушта ар кандай окуялар болот экен, кайгырып жүргөндө жаралган. Аталышы "Ыза" болчу, патенттеп койгонбуз. 100 пайыз кепилдик менен айта алам "Буй-буй" биздин, менин ырым, сөзү, обону, аранжировкасы жеке бизге гана таандык.

Ырды аткарып чыкканда "Буй-буй" деген жерин кошпой эле койбойсуңбу, туура эмес болуп калат дегендер болду. Андан башка деле жакшы ырларың бар го дешти. Бул ыр кокон гиластай эле мөмөсүн 10 жылга жакын убакыттан кийин берди.

Кайгылуу эмес кайгыны чыгара турган ыр

Ырды уккан айрым адамдар "бугумду чыгарып алдым, жеңилдеп калдым" дешет. Тойго барганда "кайгылуу ырга кантип бийлейбиз?" деп калышат. Бул кайгыга сала турган эмес кайгыны чыгара турган чыгарма. Эл тажабаса, биз деле тажабайбыз ырды аткаруудан. Бул ыр популярдуу болбой калса катардагы эле ыр деп таң калбайт болчумун.

"Биз" тобунун ырларын ырдай бергиле деп келем. Соттошо турган адам эмесмин. Кыргыз ырларын башка өлкөнүн аткаруучулары ырдап чыкса сыймыктанам. Ырды сатып жиберсең бат эле жоголуп, унутулуп калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7768