Алдап үйүнө чакырган. Алты жаштагы кызды зордуктаган киши жазадан качканы жатат (чоо-жайы)
RU

Алдап үйүнө чакырган. Алты жаштагы кызды зордуктаган киши жазадан качканы жатат (чоо-жайы)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокен районунда 28 жаштагы жаран алты жашар кызды зордуктап кеткен. Эми айыпталуучунун жакындары анын жазасын жеңилдетүүгө аракет кылууда. Алар жабырлануучунун апасына кызынын дарылануусуна көмөктөшүп, шаардын каалаган жашаган жерин төлөп берүүнү убадалашкан. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюму билдирди.

Кайгылуу окуянын чоо-жайы

2022-жылдын 26-майында алты жаштагы үч кыз, мектепке чейинки дщаярдоо классынын окуучулары мектептен кайтып келе жатышкан. Алардын алдынан 28 жаштагы айылдашы чыгып, кыздарды короого тыт жегиле деп чакырган. Анан үйүнө киргизип жумуртка менен куурулган картошка берген. Ал кыздардан үй-бүлөсү жөнүндө сурап, бир кыздын ата-энеси ажырашканын билген. Дал ошол кызды суу алып келели деп башка имаратка алып барып зордуктаган.

Жабыркаган кыздын апасы психологиялык жактан катуу сокку жегенине карабай сот өзү чечет, маңдайыбызга жазылганын көрөбүз деп катуу жазага тарттыруу ниети болбогонун айтат. Бирок, айыпталуучунун жакындарынын кызыктай аракеттеринен кийин ал өз позициясын өзгөрткөн. Эми ал үчүн эң оор жаза берүүсүнө кызыкдар.

Туугандарынын коркутуулары жана пара берүү аракеттери

Кыздын апасынын айтымында, соттолуучунун апасы айылда кыздын апасы тосмо кат үчүн 9 миллион сом сурады деген ушак тараткан. Ал эми жеке сүйлөшүүдө айыпталуучунун апасы аялдан уулунун мөөнөтүн кыскартууга жардам берүүнү суранган. Эгер уулу 15 жылдан аз абакта отурса жабыркаган кыздын дарылануусуна көмөктөшүп, каалаган шаардагы батир үчүн ай сайын акы төлөп берерин айткан. Ал эми 25 жылга соттолсо же өмүр бою эркинен ажыратылса, эч кандай жардам бербейм деген.

Кыздын апасы айыпталуучунун апасы менен сүйлөшүүдөн мурун айыл өкмөт башчыларына жолуккан. Алар айыпталуучунун апасын урушпа деп суранышкан. Андан тышкары келишим түзүп, айыпталуучунун үйүн анын атына каттатууга болорун айтышкан. Муну менен айыпталуучунун күнөөсүн жеңилдетүүгө жардам берерин кыйытты деп болжолдойт.

Айыпталуучунун эң жогорку жазаны алуусу эмне үчүн маанилүү?

Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжановдун айтымында, зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө кылмышкерлердин жазасыз калуусу болууда. Анын пикиринде, мындай кылмыштарга максималдуу мөөнөт берүү керек. Жактоочу бул кылмыштын бардык далилдери бар экенин белгилейт: кылмыш болгон жерден кыздын чачы, соттолуучунун сперматозоидунун издери, кыздын ич кийиминде кандын издери жана тастыктоочу соттук-биологиялык экспертиза бар.

Мындан тышкары соттолуучу кыздын кыйкырганына карабай кийимин чечип, муунтканга аракет кылган. Жанагы эки кыз муну көрүп калышкан. Бирок зордуктап жаткан киши "чыккыла!" деп кыйкырганда алар качып кетүүгө аргасыз болушкан.

Тергөө учурунда ал кыздар зордукчу тууралуу айтып берген.

Жабыркаган кыздын апасы Ноокен райондук прокуратурасына кызын жана өзүн КР "Кылмыш процессинин катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык коргоо өтүнүчү менен кайрылган.

28 жаштагы А. Ноокен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын иши Ноокен райондук сотунда, 15-августта каралат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7777