Ошто жер астындагы түтүк аркылуу мыйзамсыз чек арадан өтүп жүргөндөр табылды
RU

Ошто жер астындагы түтүк аркылуу мыйзамсыз чек арадан өтүп жүргөндөр табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда мамлекеттик чек арада мыйзамсыз миграция уюштуруп, жердин асты менен өтүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 34-36 жаштагы Ф. аттуу тургуну Өзбекстандын М. аттуу жараны менен алдын ала мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп алышкан. Алар дагы бир Өзбекстандын жаранын 21-январь күнү узундугу болжол менен 150 метрдей, жер астына 4-5 метр тереңдикте көмүлгөн, бир жагы Кыргызстандын, экинчи жагы Өзбекстандын аймагында орун алган темир түтүк (труба) аркылуу коңшу өлкөнүн аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы аныкталган.

Андан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн түтүк аркылуу 2022-жылдын 23-январь күнү дагы бир адамды өткөрүшкөн.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынган.

Ал эми катыштыгы бар Өзбекстандын эки жаранын кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлгөнү айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7784