Садыр Жапаров: Сотторго турак жай, транспорт, жакшы айлык берилет, болгону калыс болгула
RU

Садыр Жапаров: Сотторго турак жай, транспорт, жакшы айлык берилет, болгону калыс болгула

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-августта Садыр Жапаров Жогорку соттун имаратында сот кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Соттордун ротациясы

Президент сот системасын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири соттордун биринчи масштабдуу ротациясы болгонун белгилеп анын эмне үчүн жасалганын билдирди.

"Ротация - бул өтө татаал процесс. Үй-бүлө менен бир жерден экинчи жерге көчүп, башка жерде жашап, иштөө кыйын. Бирок бул мамлекет үчүн, келечек муун үчүн абдан пайдалуу. 10-14 жылдан бери бир жерде иштеген соттор бар. Ал эми аймактарда иштин сапаты кээде өтө төмөн болуп калат. 150гө чейин соттон утулуп калган судьялар болгон. Кантип ушундай болсун?", - деп ротация учурунда соттор өздөрүнүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышарын, ал эми тажрыйбалуу судьялар аймактардагы соттордун ишинин сапатын жогорулатарын айтты.

"Ошентип, кесипкөй кадрлар 5-10 жылда өсөт. Берилген маалыматтардын негизинде соттордун ротациясы туура болуп, оң натыйжаларды бере баштады деп айтсак болот", - деп жыйынтыктады президент.

Сот кызматкерлери үчүн шарттарды жакшыртуу

Садыр Жапаров соттордун иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесине токтолду. Ал 2022-жылдын августунан тарта сот кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү, кызматтык транспорт менен камсыздоо маселесин кароо тууралуу айтты. Ал облус борборлорунда судьялар үчүн заманбап имараттар курулуп жатканын эске салды. Республиканын 40 районунда юстиция органдарынын кызматкерлери үчүн 300дөн ашык турак-жай имараттары курулуп жатканын айтты.

"Кудай буйруса, жыл аягына чейин 40 райондо иштеген соттор жаңы үйлөргө көчүшөт. Төрагалар гана эмес, иштеп жаткан судьялар дагы турак жай менен камсыз болушат. Мамлекет тарабынан биз бардык шарттарды түзүп беребиз. Болгону силерден бир нерсе талап кылынат – чынчыл жана калыс иштегиле", - деди ал.

Жолгушуунун жыйынтыгында президент Жогорку сотунун жетекчилигине жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу, соттордун көз карандысыздыгын бекемдөө боюнча тапшырмаларды берүү менен аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7785