Оштун тургуну шайтан араба менен Түркияга кетти. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат
RU

Оштун тургуну шайтан араба менен Түркияга кетти. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 75 жаштагы Мамыт Таштанов аттуу тургун Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен сапарга чыкты. Аны сапарга узатуу иш-чарасы болгонун президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Мамыт Таштановго президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан материалдык жардам көрсөтүлүп, Ош облусунун башчысы узак сапарга чыккан Мамыт Таштанова ийгилик каалады.

75 жашка чыкканына карабай Мамыт аксакал эң мыкты спорт формасында экен. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн шайтан араба менен жолго чыгыпсыз, сизге ак жол каалайм. Жолдо эч кандай кыйынчылыксыз, аман-эсен жетип алыңыз.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов 6 мамлекет - Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия аркылуу өтөт. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7791