Ноокенде 6 жашар кызды айылдашы зордуктаган. Күнөөлүү жак тосмо арыз талап кылганы айтылды
RU

Ноокенде 6 жашар кызды айылдашы зордуктаган. Күнөөлүү жак тосмо арыз талап кылганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абаддын Ноокен районунда 6 жашар кыз айылдашы тарабынан зордукталган. Эми шектүүнүн жакындары жазаны жеңилдетүүгө аракет кылып, жабырлануучу тарапка басым жасап жатыптыр. Бул туурасында "Адилет" укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Окуя ушул жылы 26-майда Ноокен районунда болгон деп жазат аталган уюм.

Мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды 28 жаштагы айылдашы тосуп алып, үйүнө тыт жегени чакырган. Ал кыздарга куурулган картошка менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаган.

Ноокен райондук милициясы бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. Соттук отурум 15-августка белгиленген.

Айыпталуучунун жакындары жабыркаган тарапка басым кылууга аракет кылып жатышыптыр. Шектүүнүн апасы зордукталган кыздын дарылануусуна жана башка чыгымдарына кеткен каражатты төлөп берүүнү сунуштап, ордуна тосмо арыз талап кылган. Эгер баласы 25 жылдан ашык мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылса, эч кандай жардам көрсөтпөй турганын айтыптыр.

Мындан улам жабырлануучу тарап Ноокен райондук прокуратурасына кайрылган дешет укук коргоочулар.

"Адилет" укук коргоо уюмунда жактоочу Нурислам Райымжанов бул иш боюнча бардык далилдер бар экенин белгилейт. Анын айтымында, окуя болгон жерден кыздын чачы табылган, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы зордуктоо болгонун тастыктап турат. "Зордукчулар жасаган иши үчүн жоопкерчиликке тартылбаган үчүн коомубузда зордук-зомбулук өтө күчөп кетти. Мындай кылмыш жасагандарды эң узак мөөнөткө соттош керек", - деп белгиледи адвокат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7827