Балыкчыда 9 жаштагы кызга бузуку аракеттерди жасаган 28 жаштагы жигит кармалды
RU

Балыкчыда 9 жаштагы кызга бузуку аракеттерди жасаган 28 жаштагы жигит кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жашы жете элек кызга бузуку аракеттерди жасаган 28 жаштагы жаран кармалды.

29-июль күнү Балыкчы РИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Ал белгисиз жигит тогуз жашар кызына карата бузуку аракеттерди жасаганын айткан. Арыз ээсинин айтымында, ал жаран кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, тийише баштаган. Бирок адамдар өтүп бара жатканын көрүп качып кеткен.

Милиция кызматкерлери кылыш ишин козгошкон. Жашы жете элек кыз мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда 25-30 жаштардагы, ичимдик жыттанган жигит ага карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген.

Балыкчы РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 28 жаштагы Т.К. атуу тургуну кармалган. Кармалган адам Балыкчы шаарындагы эс алуу үйүнүн биринде келишимдик негизде иштеп жүргөнү аныкталган.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7834