Өзүн эле эмес, килем, итине чейин Ысык-Көлгө жуундуруп... Элдин кыжырына тийген окуялар
RU

Өзүн эле эмес, килем, итине чейин Ысык-Көлгө жуундуруп... Элдин кыжырына тийген окуялар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылга салыштырмалуу Быйыл Ысык-Көлгө эки эсе көп турист келгени айтылды. Тагыраагы төрт миллиондон ашык. Анткен менен чет элдиктер суктанып келип жаткан көлдө терс көрүнүштөр да көбөйгөн. Кандай окуялар болгонун эске салабыз.

Өздөрү эле эмес, кирлерин кошо көлгө жууган пакистандыктар

Ысык-Көлгө самынданып жуунуп, кирлерин да жууп жаткан эки пакситандык жарандын социалдык тармактарда тараган видеосу талкуу жараткан. Көрүүчүлөр аларды "кадимки мончого түшүп жаткандай эле жуунуп жатышат го" деген комментарий жазышкан.

Килемин көлгө жууп, кайым айтышкандар

Биздин окурмандар Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында көлдүн жээгинде килем жууп жаткан видеону жөнөтүшкөн. Видеодо килемин жууп жаткандар жуубагыла дегенге көнбөй, кайра кайым айтышып жатканын көрүүгө болот. Тасманы жибергендер "эл көрсүн, мүмкүн уялып калшаар" деген комментарий айтышкан.

Итин дагы сууга түшүрүп, эс алдыргандар

Дагы бир Ысык-Көл көлгө келген эс алуучу итин өзү менен бирге сууга түшүрүп жаткан видео тараган. Ага күбө болгон башка эс алуучулар иттин сууга түшүп жатканын көргөндөн кийин сууга түшкүсү келбей калганын айтып арызданышкан. "Жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт деген белги коюп, чара көрүшсө болмок" деп кайрылышкан.

Велосипеди менен кошо сууга секирен

Элди каратып туруп велосипеди менен сууга секирген аял да талкуу жараткан. Ал көп элдин коштоосу менен келип, атайын секирчү жерден секирген.

Шампунь менен жуунуп жатып сууга түшкөндөр

Социалдык тармакта белгисиз кыз көлгө башын самындап жууп жаткан видео тараган. Ал видеодо кыздан кийин өспүрүм бала да аны кайталаган. Анда шампунь менен башын жууп жаткандар бир эле учурду жуунуп да, эл ичинде көлгө чөмүнүп да жүрүшөт. Бул окуя элдин кыжырына тийин айып пул салынсын деген комментарийлер да айтылган. Кийин милиция ага реакция жасап айып пул салынарын айтып чыккан. Бирок, салындыбы же жокпу белгисиз бойдон калган.

Депутаттын мончодон түз көлгө секирип жатканы

25-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө так көл үстүндөгү мончодон чыгып, сууга түшөйүн деп жаткан видео тараган. Ал анда видеого "тартпа" дегенин да көрүүгө болот.

Түлөбаев талкууга алынган видеосу боюнча: "Көлгө түшөрдөн мурда татынакай болуп душка түшүп келдик. Элдин барын өзүңөрдөй ойлобогула, кирин эзип, мончого түшүп жатыптыр деп... Ал сауна иштебейт экен, бираз эле жылытып коюшуптур, мага ошентип айтышты. Биз көлдү булгабайбыз", - деп билдирген ал.

Бул сыяктуу окуялардын көрүнбөгөнү дагы канча. Сиз ушул сыяктуу кандай көрүнүштөргө туш болдуңүз эле?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7847