Орус драма театрдын директору кызматтан бошотулуп, жетекчилик орунга сынак ачылды
RU

Орус драма театрдын директору кызматтан бошотулуп, жетекчилик орунга сынак ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецов ээлеген кызматынан бошотулду. Ал бул орунда 4 жыл отурган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги орус драма театрынын директорунун бош кызмат орунуна документтеди кабыл ала тургандыгын жарыялады. Директордун кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

  • "Маданият жана искусство" багыты боюнча жогорку кесиптик билими;
  • жетекчилик кызмат орундарындагы иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес же төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү иш стажы тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын өнүктүрүү программасы;
  • резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтер папкага тиркелип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 20-августуна чейин тапшырылууга тийиш. Талаптарга жооп берген катышуучулар сынакка катышууга чакырылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7865