Өзүн МАИ кызматкери кылып көрсөтүп, унаа токтотуп жүргөндөр аныкталды
RU

Өзүн МАИ кызматкери кылып көрсөтүп, унаа токтотуп жүргөндөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жаран өзүн МАИ кызматкери кылып көрсөтүп, унааларды токтотуп жүргөн. Аларды күбөөлөр видеого тартып алышкан. ИИМ алар иштешкен кызматкер эмес экенин билдирди.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул тууралуу комментарий берди.

"Видеодогу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызмат кийимин кийип турган жарандар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катарында кызмат өтөбөйт",-деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7891