Таласта маралдардын бир тобу өлүп, бир тобу жем-чөпсүз калды деген маалымат такталган жок
RU

Таласта маралдардын бир тобу өлүп, бир тобу жем-чөпсүз калды деген маалымат такталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет желесинде эки күндөн бери Талас облусуна алып келинген маралдардын бир бөлүгү качып, бир бөлүгү өлүп-кырылган деген маалымат талкууланып жатат. Айтылып жаткан кептер боюнча Талас облусунун экология кызматынын жетекчиси Бекмурза Ашимов Kaktus.kg сайтына түшүндүрмө берди.

Ашимов айтылып жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын баса белгиледи.

"Маралдардын бир тобу качып, дагы бир тобу кырылып калды, учурда 7 марал жем-чөбү жок камалып турат деген маалымат фейк. Маралдардын үчөө бизге алынып келе жатканда жолдо запкы жеп, өлүп калган. Атайын комиссия түзүлүп, өлгөн маралдар атайын көмүлгөн. Калганы адаптация алып калышты. 4-5 күн болуп калды, 7 марал тосмону мүйүзү менен сүзүп сыртка чыгып кетишкен. Алар ошол эле Беш-Таш жаратылыш паркынын аймагында, биздин көзөмөлдө. Сыртка чыгып кеткен маралдарды үркүтпөй тосмого айдап киргизүү үчүн кызматкерлер чыгып кетишти. Бүгүн, эртең маралдар тосмого кайра киргизилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, май айында Талас облусуна Алтайдан 35 марал алып келинип, Беш-Таш коругуна коё берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7913