"Уу коргошун өтө кооптуу". Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу өз оюн айтты
RU

"Уу коргошун өтө кооптуу". Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу өз оюн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиев айткан Ысык-Көлдүн тамыры (уу коргошун) өтө кооптуу. Ал уу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында клиникалык далилдери жок бул нерсени мамлекеттик деңгээлде кароо туура эмес. Министрдин ичкенин көрүп эл туура эмес ичип алышы мүмкүн.

"Муну жабык мекемелерде колдонушат, айласыздан келип чыккан нерсе. Балким, бул жардам берет, бирок алгач илим тарабынан далилдениши керек болчу. Алымкадыр Бейшеналиев аны аягына чейин жеткирип, далилдеши керек. Бирок мен медициналык адис катары колдонууга кеңеш бербейм", – деди ал.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун ооруканаларда колдонулуп, бейтаптар коронавирустан айыгып кеткенин билдирген.

Бирок медициналык адистер уу коргошунду колдонууга каршы чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7938