Ислам оюндарынын чемпиондорун Садыр Жапаровдун кудасы белек менен тосуп алды. Сүрөттөр
RU

Ислам оюндарынын чемпиондорун Садыр Жапаровдун кудасы белек менен тосуп алды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын бир бөлүгү кайтып келди.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, балбандарды Жогорку Кеңештин депутаты, "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев менен топтун мүчөсү Арсланбек Малиев тосуп алды.

Түмөнбаев спортчуларга жакшы жетишкендиктер үчүн ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырды. Тактап айтканда Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго сааттарды тапшырып, командага акчалай сыйлык да берди.

Ачык булактардын маалыматына караганда, Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун карындашынын кайнагасы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда сегиз алтын медаль бар. Аларды Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, Роман Петров жана Ынтымак Мурадил уулу жеңип алышты. Андан сырткары өлкөнүн эсебинде алты күмүш жана жети коло медаль бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7939