Мектеп босогосун бир да жолу аттай элек 9 жаштагы бала туугандарынын колунда жашайт
RU

Мектеп босогосун бир да жолу аттай элек 9 жаштагы бала туугандарынын колунда жашайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова буга чейин мектеп босогосун аттай элек 9 жаштагы бала тууралуу кабарлаган. Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери жашы жете элек баланын жашаган жерине барышып, кабар алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабардашты.

Анда бала тайке, тайжеңеси менен жашагандыгы белгилүү болду. Ал эми ата-энеси Ысык-Көлдө (апасы Чоң Кызыл-Суу айылында, атасы Барскоон айылында) жашайт.

9 жаштагы баланы 2014-жылдан бери тайкеси багып алуу максатында карап келет. 2021-жылы баланын атасы аны мектепке киргизүү максатында Ысык-Көл облусуна алып кеткен. Бирок жеткинчек Чолпон-Ата шаарында жайгашкан реабилитациялык борборго түшкөнү белгилүү болгон. Тайкеси менен тайжеңеси баланы ал жерден алып кетишкен.

Жеткинчектин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, ал эми тайкесинин убактылуу паспорту жок болгондуктан, камкордукка алуу мүмкүн болгон эмес. Алар бир дагы мамлекеттик мекемеге кайрылышкан эмес.

Баланын тиешелүү документтерин тариздөө жана аны жалпы билим берүүчү мектепке жайгаштыруу боюнча маселелерди чечүү максатында материалдар Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май райондук администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7953