Ичип, бийлеп... Дүйнөдөгү эң жаш жана эң кыйын делген премьер-министр сынга кабылды. Видео
RU

Ичип, бийлеп... Дүйнөдөгү эң жаш жана эң кыйын делген премьер-министр сынга кабылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Немис басылмасы "дүйнөдөгү эң кыйын премьер-министр" деп атаган эң жаш Финляндиянын премьер-министри Санна Мариндин жылдыздар менен көңүл ачып жаткан видеосу тарап элдин нааразычылыгын жаратты. Белгилүү оппозициячы аны баңгизат дагы колдонгон болушу мүмкүн деп айыптаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ал эми 36 жаштагы премьер-министр баңгизат колдонгонун четке кагууда.

"Бул жеке видеолор. Көпчүлүккө тараганына өкүнөм. Бирок, бул толугу менен мыйзамдуу нересе. Менин да башкалардай эле досторум менен көңүл ачууга укугум бар", - деген ал.

Андан тышкары Марин андан кийин да достору менен дагы эки кафе-барга барганын кошумчалады. Премьер-министр ал күнү жеңил алкоголдук ичимдиктерди ичкенин, бирок баңгизат колдонбогонун айтты.

"Жеке мен алкоголдон башка баңги затын колдонгон эмесмин. Бийледим, ырдап, көңүл ачтым, толугу менен мыйзамдуу иштерди кылдым. Ошондой эле башкалардын баңгизат колдонгонун да көргөн эмесмин", - деди Марин.

Жаш премьер-министр мындан кийин да өзгөрбөй турганын аны эл туура кабыл аларына ишенгенин айтты.

"Биз демократияда жашайбыз. Бул маселелерди шайлоодо ар бир адам өзү чече алат", - деди премьер-министр.

Дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр Марин буга чейин да кечелерге барып жүргөнүн жашырбай ачык айтып келет. Өткөн жылы COVID-19 менен ооруган адам менен тыгыз байланышта болуп, кийин клубга барганы үчүн кечирим сурап жүргөнү да белгилүү.

Санна Марин 2019-жылдын 10-декабрынан бери Финляндиянын учурдагы премьер-министри. Аннели Яаттинмаки жана Мари Кивиниемиден кийин Финляндиянын премьер-министри болуп иштеген үчүнчү аял. Марин өзүнүн саясий карьерасын 20 жашында баштаган.

Ал 1985-жылы 16-ноябрда Хельсинкиде төрөлгөн. Жакыр үй-бүлөнүн кызы болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8024