Бири 36, экинчиси 11 жыл башкарган. Музыкалык окуу жайлардын директорлору иштен алынды
RU

Бири 36, экинчиси 11 жыл башкарган. Музыкалык окуу жайлардын директорлору иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Мураталы Күреңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында бүгүн, 22-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Тентимиш Мураталиев 1986-жылдан бери жогорудагы музыкалык окуу жайдын директору болуп келген.

Ошондой эле Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернеттын директору Исиради Аманбаев да кызматтан алынды. Ал 2011-жылдан бери аталган окуу жайды жетектеп келген.

Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8025