Дүйнөдөгү эң белгилүү тиктокер жарандыгын өзгөртүп, майрамдык иш-чара өткөрдү
RU

Дүйнөдөгү эң белгилүү тиктокер жарандыгын өзгөртүп, майрамдык иш-чара өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта дээрлик 150 миллион катталуучусу бар 22 жаштагы тиктокер Хаби Ламе жарандыгын алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Сенегалда үнсүз видеолору менен таанымал. Ал Батыш Африкада туулган, бирок ал бир жашында үй-бүлөсү менен Италияга көчүп кетишкен. Блогер ар дайым өзүн италиялык сезип келгенин айтат.

Хаби Ламен жарандыгын алмаштырып, Италия жарандыгын расмий алганын майрамдап, чоң иш-чара уюштурган.

Хаби Ламе белгилүү блогер болгонго чейин, заводдо кара жумуш кылган. 2020-жылы коронавирус пандемиясында заводдогу иши токтоп калгандан кийин видеолорду тартып TikTok баракчасына сала баштаган. Видеолору элге жагып, аз убакыттын ичинде көп катталуучу топтой алган. Ошентип Хаби Ламе эң белгилүү тиктокер аталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8027