28 жаштагы Казакстандык доктур Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош (видео, фото)
RU

28 жаштагы Казакстандык доктур Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош (видео, фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-жашар Аскар Байдилда - Казакстандык дарыгер, бирок Бишкекте иштеп, жашайт. Көчөдө басып баратканда, элдер токтотуп, сүрөткө түшүп алалы, деп суранышат экен. Ал эми кыздар социалдык тармактарга жазып, аны менен таанышуу аракетин көрүшөт. Себеби, ал президент Садыр Жапаровго өтө эле окшош.

Аскар Kaktus.media'га өзү туурасында жана күтүүсүз популярдуулугу жөнүндө айтып берди.

Жаш дарыгер Тараз шаарында туулуп, өскөн. Ата-энеси мамлекеттик ишмерлер. Карындашы Бишкекте көптөн бери эле жашап жүргөндүктөн, Кыргызстандын мамлекеттик медицина академиясына тапшырууну сунуштайт. Аскар макул болуп, 2013-жылы Медакадемияга окууга өтөт.

"Экинчи курста окуп жүргөнүмдө, тааныштар Садыр Жапаров деген кишиге окшошсун деп айта башташкан. Көбүнчө улуу муундагылар, пенсионерлер, саясатты билгендер байкашчу. Бирок, ал кезде мен бул сөздөргө көп деле маани берчү эмесмин. Азыр эми Садыр Жапаров президент болду, аны телевизордон улам көрсөтүп турушат. Менин ага окшоштугумду көргөндөрдүн бардыгы байкайт. Өзүмө да кызык боло баштады. Мен ал тууралуу окуп, өмүр баянын изилдеп чыктым, эл алдына чыгып, сүйлөгөн сөздөрүнө маани бердим. Чындап эле окшош экенибизге ынандым", - деп айтып берди Аскар.

"Бирок президенттин "двойниги" катары атым чыкканына аз эле болду.

Карындашым коллаж жасап, сүрөттөрүбүздү Адинай Мариповага (Садыр Жапаровдун тарапташы) жөнөтүп коюптур. Ал ошол коллажды социалдык тармактарга жайгаштырат. Андан кийин көбүрөөк кишилер мени таанып, маалымат каражаттары интервьюга чакыра башташты. Биринчи айым да экөөбүздүн окшоштугубузга таң калыптыр, деп уктум", - дейт ал.

Аскардын айтымында, азыр көчөдөн басып баратканда деле элдер кылчайып карашат.

"Көпчүлүгү мени анын тууганы деп ойлошот, баласысыңбы, деп да сурашат. Баса, анын улуу уулу да 28ге чыкмак экен. Мен бардыгына жөн гана окшошпуз, деп жооп берем, эч кандай туугандыгыбыз жок, деп айтам. Айрымдар сүрөткө түшүп алалычы, деп суранышат", - деп Аскар бөлүштү.

Аскардын пикири боюнча, ал президентке сырткы келбети менен гана окшош.

"Ал өзүнө ишенимдүүрөөк, мүнөзүбүз, темпераментибиз эки башка болсо керек. Мен аны туурап сүйлөгөнгө аракет кылган деле эмесмин, биз эки башка адамбыз, сыртыбыздан эле окшошпуз", - деди ал.

Күтүүсүз популярдуулукка жана айымдар тараптан көңүл буруунун өсүүсүнө кайдгер экенин билдирди.

"Социалдык тармактарда кыздар жазып, телефон номеримди сурашат. Бирок мен бербейм, үйлөнгөм, келинчегим бар, деп түшүндүрөм. Үйлөнгөнүмө бир жыл болду. Жубайым үчүн да бул нерсе күтүүсүз болду, күйөөсүнүн президентке окшош болуп калышы", - деди ал.

Садыр Жапаровдон айырмаланып, Аскар саясатка кызыкпайт, өзүнүн келечегин медицина менен гана байланыштырат.

"Кесибим боюнча неврапатолог болом, дарыгерлик тажрыйбамды Казакстандан өткөм. Ортопедиялык борбордо иштеп, сөөк оорулары бар балдарды укалап иштедим. Азыр кайра Бишкекке кайтып келдим. Бишкектен ортопедиялык борбор ачып, балдар менен иштегим келет", - деп пландары менен бөлүштү.

Бирок президенттин эл алдына чыгып сүйлөгөндөрүн карап отуруп, сырткы келбетинен башка да окшоштуктарды байкаганын билдирди.

"Менимче мүнөздөрүбүз бир аз окшош. Мен өзүмдү олуттуу алып жүрөм, чечкиндүүмүн, жумушума, айланадагыларыма өзгөчө көңүл бурам, ошол эле учурда боорукермин, колуман келген жардамымды бергенге аракет кылам", - дейт Аскар Байдилда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/802