"Азыр эркектерден корком". Хореографты сексуалдык ыдык көрсөткөнгө айыптаган кыздын баяны
RU

"Азыр эркектерден корком". Хореографты сексуалдык ыдык көрсөткөнгө айыптаган кыздын баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Т.Э. аттуу кыз бийчи, продюсер жигитти сексуалдык ыдык көрсөткөнгө айыптады. Ал башынан өткөн окуяны социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда окуя 2019-жылы орун алганы жазылат. Ал кезде жабырлануучу кыз өспүрүм куракта болгон. Айтымында, ал бий менен алектенип, бир үйдө бийчилер менен чогуу жашачу. Ал эми алардын хореографы көбүнчө ошол үйдө түнөп калчу. Ошондой күндөрдүн биринде анын бөлмөсүнө хореограф кирип, булчуңдары ооруп жатканын айтып, укалоо жасоону суранган.

"Ал менин продюсерим болгондуктан макул болдум, анткени бий тобунан чыгып кеткенден коркчумун. Колдорун, денесинин кээ бир жерлерин укалап жатканда ал жийиркеничтүү комплименттерди айтты. Бир убакта жыныстык органын көрсөтүп, эч ойлонбостон массаж кылууну суранды. Мен коркуп кеттим", - деп жазат кыз.

Кыз мындай сунуштан баш тартканы менен хореограф жигит талап кылганын белгилеген. Айтымында, продюсеринен мындай нерсени талап кылбоосун жалбарып суранган, андан соң жуунучу бөлмөгө кирип кеткен. Ал жактан чыкканда продюсери төшөктө күтүп жаткан жана кызга массаж жасоону сунуштаган. Кыз макул болбой, башка бийчилерди күтүү үчүн ашканага кирип кеткен.

Бул окуядан кийин кыз бир канча жолу өмүрүнө кол салгысы келгенин айтат. Башынан өткөн нерсени "көргө" алып кетерин, анткени ал учурда топто бийлөө маанилүүрөөк болгонун белгилейт. "Мен болгон окуяны унутуп, аны менен бир жыл иштештим", - деп эскерет ал.

Жабырлануучу кошумчалагандай, продюсери бүгүнкү күндө өзүнүн студиясында бий үйрөтүп келет.

"Анын айынан мен азыр эркектерден, алардын жанында жалгыз калгандан корком. Меникиндей окуяга туш болгондор бар. Бирок алар айтып чыгуудан коркушат", - деп жыйынтыктады.

Арадан 3 жыл өткөндөн кийин кыз милицияга кайрылды. Ленин РИИБинен арыз 20-августта түшкөнүн ырасташты.

Т.Э. аттуу кыз арыз менен кайрылып, К. аттуу таанышына карата чара көрүүнү өтүндү. Арызда 2019-жылы болжол менен саат 09:00дө Ахунбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде таанышы массаж жасоо шылтоосу менен сексуалдык мүнөздөгү адепсиз жоруктарга көндүрүүгө аракет кылганы айтылган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8038