Мэрия Beta Stores-1 ишканасындагы унаа токтотуучу жайдын тосмосун күч менен бузду (видео)
RU

Мэрия Beta Stores-1 ишканасындагы унаа токтотуучу жайдын тосмосун күч менен бузду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы Beta Stores-1 ишканасынын жанындагы унаа токтотуучу жайдын кире беришиндеги тосмону бузуп салды.

Эске салсак, соода борборунун жетекчилиги инвесторлор менен биргеликте бизнес борборун курганы жаткан коңшу жерге техниканы өткөрбөй койгон. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев келип, Beta Stores-1 компаниясына тосмолорду алып салууга жана Чүй проспектисиндеги №146 бузулган үйдүн жашоочуларына алардын жерине кирүүгө уруксат берүү үчүн убакыт берди.

Бүгүн эртең менен жердин ээлери өз аймагынан курулуш таштандыларын алып чыгуу үчүн келгенде, Beta Stores-1 ишканасынын күзөтчүлөрү аларды кайрадан киргизбей коюшкан.

Андан соң вице-мэр баштаган муниципалдык инспекция жерине барып, Beta Stores-1 ишканасы кошуна участокко койгон тосмолорду бузуп салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8043