Электр эхнергиясына төлөдүңөрбү? Жок? Сизге окшогондор Бишкек боюнча 5 миң экен
RU

Электр эхнергиясына төлөдүңөрбү? Жок? Сизге окшогондор Бишкек боюнча 5 миң экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-марттан тартып "Северэлектро" ААК 5 миңден ашуун абоненттерди өчүрөт. Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизде жазылган.

Белгилүү болгондой 1-марттан тартып, электр-энергиясын автоматтык түрдө көзөмөлдөп жана эсептей турган система дебитордук карызы үчүн Бишкектеги 5 миң абоненттин электр жарыгын өчүрөт.

Компания эскертет, абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн "Северэлектронун" сайтында "Абоненттин балансы" деп аталган рубрика иштейт. Компаниянын бардык абоненттери, анын ичинде тиричилик жана өндүрүштүк объектилер каалаган учурда өзүнүн эсебинин абалын текшере алышат. Андан тышкары абоненттер күнү-түнү "Северэлектронун" 1209 кыска номерине же 0551 00 12 09 WhatsApp номерине жазып жеке балансын текшерсе болот.

Абоненттер электр энергия үчун төлөмдөрдү акы төлөөчү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк", Megacom, О!, терминалдар же Balance.kg, О!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу жүргүзө алат. Андан тышкары Айыл Банк", "Дос-Кредобанк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк" , "Кыргызпочтасынын" кассалары аркылуу төлөмдөрду жүргүзсө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/805