15 жаштагы кыз кафеден чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон
RU

15 жаштагы кыз кафеден чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына апасы Каныбек кызы Айсулуу кайрылган. Ал билдиргендей, 2022-жылдын 23-август күнү саат 20:00 чамасында Айсулуу Баткен базарында жайгашкан кафеден чыгып, үйүнө кайтып келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 155-160 см, орто денелүү, бети тегерек, чачы кара узун.

Ал узун жеңдүү кара футболка, кара шым, бутунда боз түстөгү кроссовка кийип жүргөн.

Каныбек кызы Айсулуу тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312 35 26 05, 0312 44 44 57, 0312 35 26 32, 0553 102 880, 0774 95080, 0774 95080, 64 44 03, 0500 03 20 00, 0755 57 95 80 жана 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8068