Бишкектин көчөлөрүндөгү үч чоң кесилишке акылдуу светофорлор орнотулушу мүмкүн
RU

Бишкектин көчөлөрүндөгү үч чоң кесилишке акылдуу светофорлор орнотулушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин көчөлөрүндөгү үч чоң кесилишине акылдуу светофорлор орнотулушу мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Бактыбек Абдиев Япониянын KYOSAN компаниясынын өкүлдөрү менен жолуп, ARTEMIS Traffic Management System долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

"Компаниянын өкүлдөрү жол тыгындарын азайтуу үчүн акылдуу светофорлор системасын сунушташты. Жолугушуунун жыйынтыгында шаардык кызматтар менен биргеликте борбордун көп кыймыл болгон жерлеринен сынап көрүүнү пландаштырдык", - деп айтылат маалыматта.

Сынап көрүү үчүн төмөнкү багыттар тандалып алынган:

  • Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
  • 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши;
  • 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8070