Чолпон-Атада биринчи жолу ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн Жаштар форуму өтүп жатат
RU

Чолпон-Атада биринчи жолу ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн Жаштар форуму өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн "Келечек" деп аталган биринчи Жаштар форуму башталды.

Форумга алты мамлекеттен (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан), 250дөн ашуун жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, креативдүү жаштар жана студенттер катышууда. Алар Евразия интеграциясындагы идеяларды талкуулашат.

Форум ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара иштешүү процессин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык, профессионалдык жактан ар тараптуу өсүшүнө багытталган.

Эскерте кетсек, биринчи Жаштар форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8079