Ысык-Көлдө ойногонго кетип дайынсыз болуп жаткан балдар аман-эсен табылды
RU

Ысык-Көлдө ойногонго кетип дайынсыз болуп жаткан балдар аман-эсен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Жаңы-Арык айылында дайынсыз болуп изделип жаткан 3 бала аман-эсен табылды. Алар ошол эле айылдагы башка көчөдөгү үйдө ойноп жатышкан дешет ӨКМнын маалымат кызматынан

Буга чейин 26-августта ойноо үчүн үйдөн чыгып кеткен 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдар дайынсыз болуп жаткан. Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Издөө иштери бүгүн улантылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8104