Пакистанда селден улам 1000 адам каза болуп, 30 миллиондой киши үйүнөн ажырады (видео)
3788
Пакистанда сел жүрүп 1 033 адам каза болуп, 1,5 миңден ашык адам жаракат алды. Андан тышкары 30 миллиондой киши турак-жайынан ажыраган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Селден улам ал жерде өзгөчө абал киргизилген. Үйсүз калгандар чатырларда калууда. Бул кесепеттен улам 3 миң чакырымдан ашуун жол, 149 көпүрө, 950 миңге жакын үй зыян тартып, 700 миңден ашуун мал өлгөн.
Мындан улам Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды. БУУ Пакистанга 3 миллион доллар жардам берерин билдирди.
Маалыматтарга караганда адатта, Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр июль айында башталчу. Бул жылы жамгыр июнь айында башталып, катуу сел жүргөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8110