28 жаштагы Наргиза үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Изделип жатат
RU

28 жаштагы Наргиза үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Изделип жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1994-жылы туулган Искандар кызы Наргиза изделип жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда саат 22:00дөр чамасында Заводской конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен, андан бери анын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою 165 см, салмагы 60-63 кг, орточо дене түзүлүштө. Чачтары ийнинен төмөн кара күрөң.

Кимде маалымат бар болсо: +996 555 23 04 90, +996 755 07 47 20 телефондоруна кайрылыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8177