"Зара ушатып бети менен тазалатат". Аял күйөсүнөн кантип зомбулук көрүп жүргөнүн айтты
RU

"Зара ушатып бети менен тазалатат". Аял күйөсүнөн кантип зомбулук көрүп жүргөнүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун мыйзамсыз аракеттери тууралуу "Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ал Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын, бирок жабырлануучулар мындан ары эмне болот деп коркуп, сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын айтты.

Рыскулова өзү менен бирге күйөөсүнүн ур-токмогунан тажаган жабырлануучулардын бирин алып келди. Ал баарын айтып берүүнү чечип, бирок аты-жөнүн айткан эмес. Ал көз айнек тагынып, жүзүн жоолугу менен жашырган. "Сезимдин" жетекчиси алдын ала журналисттерге суроолорду катуураак берүүсүн суранды. Анкени аялдын бир кулагы уур-соккудан такыр укпайт, экинчиси бир аз угат.

Жабырлануучу 2011-жылдан бери күйөөсү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтат. Экөөнүн үч баласы бар, анын бири биринчи никесинен. Бирок, жолдошу биринчи аялы менен ажырашкан эмес. Экөөнүн жети баласы бар. Ал киши беш убак намаз окугандыктан зомбулук көрсөтөт деп ойлобогонун айтат.

"Жолдошум башынан эле мага кол көтөрө баштады, психологиялык, физикалык зордук-зомбулук көрдүм. Бул менин экинчи никем болгондуктан, аны сактап калгым келди, баарына чыдадым. Кайрадан төркүнүмө баргым келген жок. Ал мени беш айлык боюмда бар кезде катуу сабап, түйүлдүк өспөй калган. Ошондо менен кечирим сурап, эч кимге үн катпашымды суранды. Аны кармап кетишинен коркуп, мындан ары катасын оңдойм деп сөз берген. Ошентип, врачка барсам баланы жөн түшүрө албайбыз деп, кескилеп алды. Андан кийин балалуу да болдук. Ал балдарды да уруп, ыйлаганда жаздык менен оозун жаптырчу", - деди аял ыйлап.

Куранда аял күйөөсүнүн бутун өбүш керек дегенге таянып бутун өбүүгө мажбурлайт болчу. Эгер чын жүрөктөн өпкөндөй көрүнбөсө мени тепкилейт. Байпагын да чечип, оозума такайт. Балдар аны көрүп ыйлаганда аларды сөгүп, беттерине түкүргөнгө чейин барат. Ыйлап, апамды өлтүрбө деп суранышат. Ал мени ушунчалык катуу урат, өзүм дааратканага бара албай калам. Ошол эле учурда ал өзү жерге зара ушатып мени жүзүң менен тазала деп мажбурлайт. Кошуналар мага болушуп калса жашообүзга кийлигишпегиле деп түртүп чыгарып салат.

Рыскулова жабырлануучунун уулдарынын баш мээси чайкалып, кыздарынын оорусу бар экенин айтты. Атасы тууралуу укканда эле өзүн кармай албай калышат.

"Аял жолдошун таштап кетип, бизге жардам сурап кайрылган. Бирок жолдошу кайтып келүүнү талап кылып, антпесе аялдын өзүн, ата-энесин жана инисин өлтүрөм деп коркуткан. Мен аны милициянын жардамы менен гана үйдөн алып чыгып кетүүгө туура келди. Азыр анын жашаган жери жок. Эмнегедир жолдошуна "Денеге жеңил залал келтирүү" боюнча гана иш козгоду. Бул жеңил зыянбы? Прокурор болбосо баарын билет", - деди кризистик борбордун директору.

"Киши үй-бүлөсүн понарамага алып чыгып, баарын бирдей сүзүп өлтүрөм деп дагы коркуткан. Эмне, бизди өлтүргөндө гана мыйзам иштейби? Сотто ал күнөөсүн мойнуна албай, ага чейин эле дүлөй болгонун айтып актанат", - деди Рыскулова.

Рыскулованын айтымында ал киши "Дордойдо" соода кылат жана психикалык жактан соо киши.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8183