Ырчылар Мирбек Атабеков менен Масалиев кур тагынбаганы үчүн айып пул төлөштү
RU

Ырчылар Мирбек Атабеков менен Масалиев кур тагынбаганы үчүн айып пул төлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жана ырчы Мирбек Масалиев жолдогу коопсуздук эрежелерин бузганы үчүн айып төлөштү.

Буга чейин Мирбек Атабеков унаанын алдында отуруп "Мурас" ырын ырдап жаткан видеосу тараган. Анда ырчы жүргүнчү катары бара жаткан.

Милициянын кайгуул кызматынан ырчылар коопсуздук эрежелерин сактабаганын, алар айыпка жыгылганын айтышты.

"Мирбек Атабеков коопсуздук курун тагынган эмес. Ал жүргүнчү катары бара жаткандыктан ага коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми унааны башкарып бара жаткан Мирбек Масалиевге 1000 сом айып пул салынды", - дешти маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8197